www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 14-декабрда маалымат жыйында базарларда контейнерлердин ижара акысын арзандатуу боюнча да иштер жүрүп жатканын билдирди. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, ижаранын арзандаганы келерки айда байкалат.
Абдувапов быйыл 11 айда Кыргызстанда 225 млрд 744 млн сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогулганын, бул пландан 3,9 млрд сомго көп экенин маалымдады. Салыктын көп чогулганына салыктык башкаруунун жакшырышы жана ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү себеп экенин белгиледи.
Ал кол алдындагыларга "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырган. Ири соода-сатык комлпекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Осмонбек Артыкбаев,Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg