www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибдер кыз-келиндер башкалкалаган 23 борборду жапкан, «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, алар андай жайларды "Батыштын концепциясы" деп эсептешет. 2021-жылдын августунда “Талибан” Ооганстандагы бийликке кайтып келгенден бери Батыштагы расмий адамдар, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү активисттер аялдардын укуктарына тынчсыздануусун айтып келатышат. Талибдер кыз-келиндердин билим алуусуна тыюу салган, айрым мекемелерде жана кызматтарда иштөөсүн чектеген, үйдө отуруу көрсөтмөсүн берген.
Күч органдары аялдардын нааразылык акцияларын ырайымсыз түрдө басып келатат. Жүздөгөн аял ошондой митингдерден кийин кармалган. Талибандард гендердик зомбулук иштери каралбай калганын, жабыркаган кыз-келиндер кимге кайрылууну билбегенин, арыздарды жалаң эркектер кабыл аларын белгилейт.
"Талибан" алгач башкарууда мурункудай авторитардык ыкма болбойт деп убада бергени менен, аялдарга тиешелүү айрым чектөөлөр ого бетер күчөтүлдү. Бир катар укук коргоочу уюмдар, өкмөттөр Ооганстанда “гендердик апартеид” орногонун айтышууда.
“Аялдарды кылмыш кодексин сактабастан, гендердик зомбулуктан коргоо шылтоосу менен түрмөлөрдө кармоо адамды соттун чечимисиз эркинен ажыратууга тете болуп калат”, - деп белгилейт UNAMA.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg