www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр ар бир адамдын сүйлөгөнү эле саясат. Үйүнүн кыйшайып калган эшиги 2 жылдан бери оңдолбой турганы менен иши жок. Мындай пикирин Бегимай Ильязова аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.

«Азыр ар бир адамдын сүйлөгөнү эле саясат. Үйүнүн кыйшайып калган эшиги 2 жылдан бери оңдолбой турганы менен иши жок. Сүйлөшө келсең мамлекетти кантип гүлдөтүп, өркүндөтүү жөнүндө насаат айтат. Дүйнөлүк саясатты да тим койбой: «Ошол Трампты койчу», «Меркел кыйратпайт деле», «Путин мындай кылыш керек» деп күйбөгөн жериңди күл кылат. Эми ошол эле адамдын үйүнө барсаң, эшигинин алдындагы томуктай жери иштетилбей, ала бата менен тикен басып жатат...

Карап турсаң баары эле акылман, баары эле кыйын. Баары бардыгын билет. Анан эмне үчүн минтип кыйналып жашайсыңар десе: Бизге шарт түзүп берген эмес деп, ата-энесин күнөөлөйт.

Иштейин десең иш жок деп, мамлекетти күнөөлөйт, бийлик төбөлдөрүн күнөөлөйт.

Ошонун ордуна шартты өзүң түз, мүмкүнчүлүктү өзүң жарат. Эч ким сага алдыңа даяр ашты алып келбейт. Милдеттүү да эмес!

Ырас, мамлекетти өнүктүргүң келип жатса өзүңдөн башта. Жеке жашооңду тизгинге сал. Оку, өнүк, дүйнө таанымыңды кеңейт. Алгач кичинекей мамлекеттиңди (үй-бүлөңдү) бактылуу кыл.

Балдарыңа, кыздарыңа туура тарбия бер, билим менен камсызда.

Сенин кыйналбай, эч кимге оорчулугуң түшпөй жашаганың эле мамлекетке кошкон салымың эмей эмне? Өлкө качан өнүгөт? Анда жашаган эли качан бактылуу болгондо...», - деп кошумчалаган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости