www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районундагы чек арага жакын аймакта жоголуп, кийин Тажикстандан табылган кыргызстандык эки жигиттин окуясы боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нота берди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 26-апрелде, тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын элчиси Назирмад Ализода менен жолугуп, нотаны тапшырган.

«Ушул жылдын 24-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районунда Кыргызстандын эки жаранын уурдоого байланыштуу жасалган укукка каршы жана мыйзамсыз иш-аракеттерге кыргыз тарап тынчсызданууда. Чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчутууга алып келе турган мындай иш-аракеттерге жол бербөө зарыл», - деген элчиге Ниязалиев.

Ошондой эле, кыргыз тарап Тажикстанды болуп өткөн окуянын жагдайларын тактоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана жыйынтыгын маалымдоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө чакырды.

«Учурдагы бардык көйгөйлөр ынак коңшулук нукта диалог аркылуу чечилиши керек. Кыргыз тарап мурдагыдай эле Тажикстан менен биргеликте, боордош элдеринин көп жылдык руханий жана маданий мамилелерин бекемдеп, коңшулукту, туруктуулукту жана достукту камсыздоого багытталган шарттарды түзүүгө даяр», -  деген министрдин орун басары.

Эске салсак, 24-апрель күнү социалдык тармакка эки уландын түндөтөн бери жок болуп жатканы боюнча видео тараган. Анда Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылында жашаган аялдын кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта курулуп жаткан тигүү цехинде иштеген уулу менен анын досу жоголуп кеткенин айтып, ыйлап жатканы тартылган.

Кийин эки жаран тең Тажикстанда табылып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар «Оочу-Калача» посту аркылуу кайтарылган. Бирок азырынча алардын эмне себептен Тажикстанга алынып кеткени тактала элек.

Эки улан менен кошо мурда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө шектелип кармалган алты кыргызстандык да бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости