www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыймык Жапыкеев:

Сыймык Жапыкеев учурдагы кызматы жана алдыдагы пландары тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына маек берди. Анда ал Финполдогу кыска аралыкта аткарган иши тууралуу айтып берди.

"Финполдо 4 ай 20 күн иштедик. 5 айга дагы жеткен жок. Тааныштар "Финполду сен келип билдик" дейт. Финполдо иштерман, азамат балдар көп экен. Жакшы тосуп алышты, иштедик, мен иштеп турганда биз экономикалык эле иштерди карадык да. Эгер Башкы прокурор уруксат берсе башка коррупциялык иштерди карай берет элек. Аз иштесек дагы, саз иштедик. Бирөөнүн буйругу менен иштеген жокпуз.

Мисалы, 142 кишиге иш козгоп салыптыр, инвесторго иш козгоптур деп айтып жатышат. Бир дагы инвесторго иш козгогон жокпуз. Өкмөт талкалап салыптыр деп айтып жатат. Өкмөт өзү иштеп алсынчы.

Акыркы 27 жылда 25 төрага болуптур, ошонун бирин дагы эл билбейт. Бир дагы төрагасын таанышпайт", - дейт Жапыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости