www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Дүйнөлүк белгилүү компанияларды тартышыбыз керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев.
--“Алгач эле сотторду санариптештирүү керек. Себеби, коррупция жок болот. Экономикалык сотту административдик соттон ажыратуу зарыл. Азыр салык же башкаларды бетине кармап чиновниктер акча талап калышат. Ошондо баягы эле көрүнүш кайталанат. Биз дүйнөлүк белгилүү компанияларды чакырып, инвесторлорду тартышыбыз керек. Бир гектар жер болсо дагы берип, салыктан бошотуп аларды чакырышыбыз керек. 10 жылга жерди беребиз, иштеткиле десек жок дегенде 3-4 инвестор келет. Аларды көрүп, биринин аркасынан бири келип көбөйөт. Бул Ал эми атагы чыкпаган, бирок бай компаниялар өздөрү эле беркилерди көрүп келе баштайт. Бирок аларга катардагы эле инвесторлордой бардык талаптырдын негизинде иштетишибиз керек. Грузиянын методундай болот. Ошондо биздин мамлекеттин экономикасы алдыга жылат”, - дейт серепчи.
Булак: NazarNews.kg