www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев финансы полициясы жоюлганын качан укканын айрым маалымат булактарына билдирди.
--"Мени менен эч ким соодалашкан жок. Финансы полициясында татынакай эле иштеп жатканбыз. Менден сурабай эле жоюп салышыптыр. Улукбек Марипов деген неме жоюп салды. Аялдар күнүнө карата 5-мартта кыздарды куттуктап жатканда Финполиция жоюлганын уктук. "Иштей албай койду" деп айтышты. Өздөрү иштеп алышсынчы.
"Люстрацияны менден баштайсыңарбы:" деп айттым. Мен, Тилек Токтогазиев, Эльвира Сурабалдиева болуп өзүбүз люстрация болуп калдык. Бир айдан кийин чакырышып, азыркы кызматты сунушташты. Мен бул кызматка жармашкан жокмун", - деди ал.
Булак: NazarNews.kg