www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети бүгүн, 26-апрелде саламаттыкты сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөр карамак. Бирок Алымкадыр Бейшеналиев жыйынга келбегенине байланыштуу комитеттин отуруму кийинкиге жылдырылды.

«Биз аны расмий түрдө үч жолу чакырдык. Бирок ал жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалган ушактарды таратып жүрөт. Биз азыр комитеттин жыйынын өткөрбөшүбүз керек. Бейшеналиевдин жоопкерчилигин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында карашыбыз керек», - деди депутат Евгения Строкова.

Комитеттин мүчөлөрү Бейшеналиевди кызматтан алуу тууралуу Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жалпы жыйынында сунуш киргизмей болду.

Белгилей кетсек, бул сунуш өткөн аптада да ушул комитетте көтөрүлгөн. Депутаттар «Бейшеналиевдин коронавирусту уу коргошун менен дарылоо тууралуу билдирүүлөрү анын бул кызмат ордуна ылайык келбегендиги» деп өкмөткө сунуш жолдошкон.

Эске салсак, 16-апрелде Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, коронавируска каршы дарылоодо уу коргошун деп аталган чөптүн тамырын колдонуп жатканын айтып чыккан. Ал журналисттердин алдында бул чөптүн тундурмасын ичип, анын зыянсыз экенин белгилеген. Президент экөө кайнатманы даярдап жатканын, дарыгерлерди чакырып, аларга дарылоону үйрөтүп жатканын кошумчалаган.

Бул билдирүү коомдо кызуу талкуу жараткан. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму жана бир катар адистер коронавирустан дарылоодо уу коргошундун (аконит) пайдасы далилдене электигин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости