www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Манас” эл аралык аэропортунда Airbus 220 үлгүсүндөгү жаңы учак тартууланды. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ички жана эл аралык каттамдарды ишке ашыруу үчүн “Манас” аэропорту өзүнүн күчү менен жаңы типтеги AirbusА220-300 учагын алуу боюнча долбоорду илгерилетүүдө.
Иш-чарага транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева, Airbus авиакурулуш мекемесинин өкүлү Пратт энд Витней, Жарандык авиация агенттигинин, “Манас” аэропортунун өкүлдөрү жана башкалар катышты.
Гүлмира Абдралиева көрүлгөн аракеттердин бардыгы Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу экендигин айтат.
“Ошондой эле “Манас” авиакомпаниясынын жетекчилигине жана өкүлдөрүнө авиакомпаниянын паркын жаңыртууга, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем”, - дейт министр.
Булак: NazarNews.kg