www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда коронавируска каршы жергиликтүү «QazVac» вакцинасы үчүнчү клиникалык сыноодон өткөнгө чейин эле аны менен калкты эмдөөгө уруксат берилгени кабарланды.

Биринчилерден болуп, бул вакцина менен Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой эмделди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Бул вакцинаны иштеп чыккандар «QazVac» препараты адамга ортосунда 21 күн аралык менен эки жолу сайыла турганын нускамасында көрсөтүшкөн.

Эске салсак, буга чейин «QazVac» вакцинасынын жыйынтыктоочу клиникалык сыноосу быйыл 9-июлда аяктай турганы жарыяланган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин ырасташынча, бул клиникалык сыноолорго 3 миңден ашуун ыктыярчы катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости