www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр ишенбөөчүлүк көрсөткөн депутаттарга жооп берди

Бүгүн, 26-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынына катышкан жок. Нааразы болгон депутаттар Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бейшеналиевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароону сунушташты.

Депутат Евгения Строкованын айтымында, министр комитеттин жыйынына төртүнчү ирет келбей жатат.

Ал эми Бейшеналиев АКИpress агенттигине эмне үчүн комитеттин жыйындарына катышпай жатканы тууралуу суроого жооп берди.

«Мен иш сапарларга, ар кандай жолугушууларга жана иш-чараларга барам. Менден дагы мыкты жооп бере алган адамдар бар. Алар комитеттин жыйынына барып жатышат, бирок аларды укпай жатышат, менден гана сурагылары келип жатат. Азыр мен бир жумадан кийин Кыргызстанга келе турчу мобилдик клиникалар менен байланышкан маселелерди чечип жатам. Коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө, менин ар бир күнүм, ар бир саатым пландалган», - деди министр.

Анын айтымында, депутаттар принциптен улам адистерди уккулары келбей жатат.

«Мен ишенбөөчүлүк көрсөтө беришсин деп президентке айттым. Эл үчүн күнү-түнү, дем алышсыз иштеп жатам. Эгерде мени уккулары келсе, анда жыйынды кечки саат сегиз-тогузга коюшсун, ошондо бошойм. Ага чейин менин ар бир саатым пландалган», - деди Бейшеналиев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости