www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстандагы товарлардын 80-90 пайызы импорт менен келген”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экономика боюнча серепчи Искендер Шаршеев.

--“Азык-түлүктүн кымбат болуп жатканынын себеби импортко байланыштуу. Кыргызстандагы товарлардын 80-90 пайызы импорт менен келген. Себеби, бизде өндүрүш абдан аз. Азык-түлүк продукциясын өндүрүү дээрлик жокко эсе. Ал эми ЕАЭБге киргенге чейин бажылык пайыз 5 пайыз болсо 12 пайызды түздү. Мындайча айтканда бул ички өндүрүшкө сокку урду. Мен ЕАЭБге кирээрде ушундай болоорун 2012-жылы айткам. Бул мамлекеттер аралык саясат болуп кетти.

Доллар дагы биздин эле мамалекетте өстү. Башкаларда мурдагыдай туруктуу боюнча турат. Андыктан мамлекеттик тең салмактуулук керек. ЕАЭБден Кыргызстан үчүн шарттарды сураш керек. Ошондо биз ички өндүрүмдү жандандырып кичине болсо дагы импорттон арылабыз. Азык-түлүк продукциясы дагы арзандап, элге жакшы болот”, - дейт экономика боюнча серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости