www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айткан маалыматты президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек жокко чыгарды. Бул маалыматты ал биринчи жолу угуп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 26-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн жана президент Садыр Жапаров бүгүн уу коргошун тууралуу маек берээрин айткан.

Эске салсак, короновирусту уу коргошун менен дарылоо ыкмасын алгач Садыр Жапаров өзү жарыялаган. Кийинчерээк министр Алымкадыр Бейшеналиев аны түз эфирде ичип көрсөткөн жана бул ыкма менен жүздөгөн адамды дарылап башташканын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости