www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровду ашыкча каралагандар эми факты менен далилдеп бериш керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-январды NazarNews агенттигине Бейшенбек Абдразаков билдирди. 

-Бейшенбек мырза, Садыр Жапаров үгүт учурунда ашыкча каралаган талапкерлерге чара көрүшү керекпи же таптакыр маани бербей коюшу керекпи?
-Негизи ашыкча каралап, жамандагандын өзү туура эмес. Бизде саясый маданияттын жоктугунан президенттик шайлоого катышкан  талапкерлердин айрымдары, эл алдына чыкканда өзүнүн программасын айтпастан, негизги талапкерди каралашты. Чынында бири-бири жамандаган, ушак сөздөргө боршайком тыюу салышы керек болчу. Анткени, президенттик так ушак айта турган жер эмес, ал элге кызмат кыла турган куттуу жер. Эң жогорку кызматтын кутун кетирбей, баркын жоготпошубуз керек. Тагыраагы, Садыр Жапаровду ашыкча каралагандар эми факты менен далилдеп бериш керек. Же болбосо эл астында кечирим сурашы шарт. Негизи Садыр Жапаров аларды каматып, жазалабаса деле керек. Себеби,  “кек сактабайм, камаганды өз башымдан өткөрдүм, жон терим менен сездим” деп айтканы бар. Эми элдин тынчтыгы үчүн ич ара  ынтымакка келип, кечиришип, сүйлөшүп алса да болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости