www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- 7-чакырылыштын депутаттары, көтөргөн маселелери, билимдери, саясый деңгээлдери сизди канааттандырып жатабы?
-- Бизде мыйзам чыгаруу бийлигинин бар экендигине кийинки кездери шектене баштадым, “шляпасы турат, өзү жок” деп коёт беле мындайды? Болушунча шыбап, жамандап отуруп, мыйзам чыгаруу жыйынын жок кылып алдык.
Улам кийинки чакырылыштары мурдагысынан начар чыгууда. Айрыкча кийинки эки чакырылышты “парламент” деп айтышка ооз барбайт. Чын-чынына келгенде, азыркы парламент президенттик администрациянын юридикалык бөлүмү болуп калган. Аты бар, заты жок, формасы бар, мазмуну жок, “кожо көрсүнгө коюлган эл өкүлдөрү” деген ат менен бир топ киши чоң залда бир маселени талкуулап отурушат.
Баарын бир киши чечип калганда, башка бийлик бутактарынын аты калып, өзү жок болот. Абсолюттук бийлик "дакансада", камчысы досторунда. Чексиз бийлик эгеси мүмкүн ак көңүл, адам катары дурустур, бирок билими, тажрыйбасы жетишсиз адам жаманбы-жакшыбы өз алдынча өлкөнү кантип башкарарын көрүп жатабыз го...
Бир колдон башкаруу, бийликти толук ээлеп алуунун опуртал экенин казак, орус, беларусь тажрыйбасы көрсөттү, бирок биз болбой эле диктатурага башты тыгып атпайбызбы!
Булак: Азия News гезити