www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда калпак кандайча пайда болгон?

Калпак биздин кыргыз ажобуздун сүр-сөөлөтү, абийири, душманына сес берээр опол тоодой олбур сүрү, биздин силерге алып келген жышааныбыз ушул! Бул тууралуу Анара Дөөлөт аттуу Facebook колдонуучусу жазып чыкты.

Кыргызда калпак кандайча пайда болгон?

Илгери кыргызда Эрбол деген аксакалдын Алиман аттуу байбичеси жети уулу болот.

Жоокер заманында бөтөн эл кыргыз жерлерине кол салып турган маалда душмандар кыргыз айылын каптап кирет. 

Кечки маал балдардын атасы - Эрбол душмандын колунан каза болот. Андан көп узабай кичүү уулу Шерболдун сөөгүн алып келишет. 

Алты баланын бирөө энесинин этегине келип чөгөлөй калып : “Кагылайын апа, кечир мени, Шерболду өзүм чаап алдым, караңгыда душман экен деп жаңылып чаап алдым” - деп ыйлайт. 

Айласы кеткен Алиман апа: “Атасын жат өлтүрсө баласын өз өлтүрсө, чогулткан балдарым кырылып бүтөт турбайбы”-деп кайгырып бутунун астында төшөлүп жаткан, өзү жаңы жасаган ак кийизди алып, бычак менен тилип туруп, балдарынын баштарына бекем ороп берген экен. Бири-бириңерди билип,караңгы болсо да таанып жаңылышпай чабышкыла деп жөнөтөт.

Ошондон кийинки кагылыштан алты бала аман эсен келет.

Уулдары апасына алкыш айтып, шырылган ак кийиз бири бирин тааныганга эле эмес, бир туугандардын бириге калып душманды талкалаганга жардам бергенин айтышат.

Аларды көргөн башка кыргыз энелер, келиндер уулдарына, ага-инилерине ак кийизден баш кийим ороп беришет. Бара бара уз-чеберлер калпакты көркүн чыгара шөкөттөп алышкан.

Ак калпак кийгенди кыргыз деп бил деген сөз ошондон калган экен. Бул уламыш санжырачы Сыргак Сооронкуловдун айтып бергенинен жазылды.

Урматтуу энелер, калпактын жаралышы тууралуу уламышты уул-кыздарыңарга айта жүргүлө.

Калпак күнүңүздөр менен!

Калпак тууралуу дагы бир маалымат: Искендер Зулхайнайын (Александр Македонский) жөнүндөгү уламышта кездешет. Күндөрдүн бир күнүндө түн ичинде Искендер Зулхарнайын жаткан чатырга эки жоокер кыз келип, күзөтчүсүнө кош миздүү бир кылыч, бир калпак жана адамдын куу мүсөн баш сөөгүн тапшырат. "Тан агарганча бизге жообун бергиле", деп талап коюшат. Ошондо Искендер Зулхарнайын өзүнүн акылгөй аярларын чакырып бул эмненин жышааны экендигин чечкиле дейт. Аярларынан жөндүү жооп болбогон соң, кыздарды алдырып,оң тарабына отурган аярларынын биринен суратат: ”Айткылачы , силер кайсы элденсинер? Мобуреки алып келген куу баш, калпак, кылычтын мааниси эмнени туюнтат? Өзүңөр чечмелеп бергиле”, деп аларга жайдары жүз көрсөтөт. Эл кыйырын сактап, ат жалында шамал менен жарышып өскөн жоокер кыздар Искендерди теше тиктеп, түз качыра жообун айтат: ”Биз кыргыз деген элденбиз, ушул улуу тоону мекендеп өмүр кечиребиз. Бизге катылган душмандын башы, алдагы куу мүсөн баштай алынып, ач бел, куу жондо куурап жок болот, бу куу башты мобуреки кош миздүү кылыч алган, ал эми бул баш кийим – Кыргыз калпагы. Анын төбөсүндөгү кайчылашкан кош сызык – Күндүн аян белгиси, кыргыз урпагы күндүн тукуму болуп саналат. Биз күндөн тараганбыз. Жүйөө билген кас-душман ыкка көнсө биз күн нурундай мээрим төгөбүз, жок, кыл чайнашып, бет буруп жоолашам деген душманга биздин эл бул кош миздүү кылычтай чабылат. Калпак биздин кыргыз ажобуздун сүр-сөөлөтү, сыймыгы, абийири, кадыр сыйы, душманына сес берээр опол тоодой олбур сүрү, биздин силерге алып келген жышааныбыз ушул! Буга эмне деп жооп айтасыңар?”

Сөзгө кулак төшөп турган Искендер Зулхарнайын башын силке отурган акылгөйлөрүнө карады. Акылгөйлөрү кыздарга жооп таппай отуруп калышты. Күзөтчүлөр жоокер кыздарды сыртка алып чыгып кетти. Көп өтпөй Искендердин бир жигити жоокер кыздарга калпак менен кылычты алып келип берди дагы: “Ажоңорго айта баргыла, ойлонууга азыраак убакыт берсин, үч төбөлүк бурсаттан соң жообун айтабыз”,-деп кыздарды узатып койду.

Көп өтпөй Искендер Зулхарнайын өз черүүлөрүн түн жамына көчүрүп , Чүй аймагынан чыгып кетти. Ошол күндөн биякка кыргыз калпагынын өмүрнаамасы, анын кадыр-сыйы, сүр сөөлөтү мурдагыдан да артты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости