www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Politico басылмасынын маалыматына ылайык, 8-июнда Франция менен Түштүк Кипрдин коргоо министрлери аскерлердин макамы жөнүндө (SOFA) келишимге кол коюшат. Бул документ француз аскерлерине аралдын аймагына кирүүгө жана жайгашууга мүмкүнчүлүк берет.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул келишимге кол коюу планын апрель айында Кипрге болгон сапары учурунда билдирген. Кипрдин президенти Никос Христодулидис келишим француз күчтөрүнүн Кипрдеги гуманитардык миссияларга катышуусун камсыздап, аймактык кызматташтыкты чыңдай турганын айткан.
Келишим ошондой эле аскердик координацияны, коргонуу технологияларын алмашууну жана биргелешкен аскердик машыгууларды камтыйт.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн жакындашуусунун негизги себептеринин бири март айында ирандык учкучсуз аппараттын Кипрге жасаган чабуулу болгон.
«Кипрге кол салуу — Европага кол салуу», — деген Макрон ошол учурда.
Франциянын «Шарль де Голль» авианосеци жана анын сокку уруучу тобу май айынан бери аймакта иш алып барууда.
Эске салсак, Кипр аралы 1974-жылдан бери эки бөлүккө бөлүнгөн: түндүгүндө түрк коомчулугу, түштүгүндө грек коомчулугу жашайт.