www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Суу жана Алай райондорунда селден кийинки калыбына келтирүү жана зыянды жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында жайгашкан Ош–Эркештам унаа жолунун 7-чакырымындагы Муян каналын кеңейтүү иштерин жеринен көрүп чыкты. Ал жерден тиешелүү кызматтарга иштерди ыкчамдатуу жана сапатын жогорулатуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, Канатбек Чыныбаев Алай районунун Гүлчө айылы жана башка калктуу конуштарда жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Министр бардык объектилерде иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепеттерин жоюу жана инфраструктураны калыбына келтирүү иштери көзөмөлдө экенин маалымдайт.

Последние новости