www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 8-июнунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү багыттары талкууланды.

Төрага Марлен Маматалиев Константинос Комбостун Кыргызстанга жасаган алгачкы расмий сапары эки өлкө ортосундагы алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди. Ал Кыргызстан ачык жана көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүп жатканын белгилеп, жакында өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланганын да кошумчалады.

«Биз Кипр Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Бул багытта парламенттик дипломатияны активдүү колдонуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана тармактык комитеттердин алкагында тыгыз иш алып баруу маанилүү», – деди Төрага.

Ошондой эле Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы да белгиленип, акыркы жылдары бул багытта бир катар ири жолугушуулар жана келишимдер ишке ашырылганы, анын ичинде Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгы айтылды.

Өз кезегинде Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбос жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга жасаган сапары маанилүү сүйлөшүүлөр менен коштолуп жатканын белгиледи.

Ал соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруларын айтып, Кипрдин региондогу негизги коммерциялык борборлордун бири экенин белгилеп өттү.

Жолугушууда тараптар соода жүгүртүүнү жогорулатуу, бизнес чөйрөлөрдүн байланышын кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Марлен Маматалиев Кыргызстанда инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн жана мыйзамдык база тынымсыз өркүндөтүлүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстан менен Кипрдин ортосундагы соода жүгүртүү 202 миң АКШ долларын түзгөн. Тараптар бул көрсөткүчтү келечекте кыйла көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилешти.

Последние новости