www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-декабрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрдү.
Бирок, айтылчу көп сөздөр айтылбай калды. Берилчү көп суроолор берилбей калды. Бүгүнкү муун өкүлү, жаш серепчи Нурсултан АКЫЛБЕК берилбей калган беш суроосун биздин гезит аркылуу жолдоду. Мурунку жана азыркы тышкы иштер министри иштей албай койдубу?
Июнь айында Жогорку Кеңештин алдында сүйлөп жатып, сиз «Кытай жана ЕАЭБ өлкөлөр менен болгон мамилелер Кыргызстан үчүн приоритеттүү» деп атаган элеңиз. Бирок жарым жылдан бери биз кандайдыр бир чоң жетишкеңдиктерге жетпедик. Кытай менен мамиле кайрадан начарлап кетти.
- Бул жагдай сиздин администрацияңыз, мурунку жана азыркы тышкы иштер министри коюлган маселелерди чече албагандан кабар береби?
- Эгер бул көйгөйлөр реалдуу болсо, сиз тышкы саясаттагы канааттандырарлык эмес жыйынтыктарга байланыштуу кандай жыйынтык чыгарасыз? - Бизнес ошол эле көйгөйлөр менен калуудабы?- Быйыл сиз бир нече жолу бизнести фискалдык жана укук коргоо органдардан коргоо жаатында мамлекеттик органдарга тапшырмаларды бердиңиз. Бирок, бизнес ошол эле көйгөйлөргө дуушар болуп келет. Качан сиздин тапшырмаларыңыз мамлекетибиздин баардык бурчунда толугу менен аткарылат? - Чыныгы сот реформаларын качан көребүз? Биз азырга чейин чыныгы сот реформасын жана күч структураларынын реформасын көрө элекпиз. Мамлекетибиздин алдыңкы юристтери өздөрүнүн сунуштарын берип келет, бирок, сиздин администрацияңыздан жооп жок. Качан бул структураларда чыныгы реформалар башталат? - Бүгүнкү өкмөткө сиз да кабатырсызбы? Азыркы өкмөт коюлган маселелерди аткара албаганы анык болуп калды. Балким ошондуктан, сиз премьер-министрдин ыйгарым укуктарын ала баштадыңыз. Бул сиздин өкмөттүн ишинин жыйынтыгы тууралуу кабатыр экеңдигиңизден кабар береби? - Парламентаризм качан өнүгөт? Сиз парламентаризмди өнүктүрүү жолунда боло турганыңызды айткан элеңиз. Бирок парламент күчтүү боло алган жок, саясый чечимдер парламенттин катышуусуз чыгарылып келет. Эгер президенттин колунда прокуратура, күч струкуралары болсо, бизде эч качан парламенттик башкаруу орнобойт. Бул жаатында президенттин ыйгарым укуктарын кескин түрдө кыскартуу боюнча реформаларга даярсызбы? Ушул суроолорго жооп алгым келет.
Нурсултан АКЫЛБЕК,
"Азия Ньюс"