www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Тазабек мырза, жооптуу кызматтарда иштеп жаткан жетекчилердин баарынын кош жарандыгы бар же жок экенин текшерип чыгууну сунуштадыңыз.

Буга кандай зарылчылык бар? Же сиздин оюңузча, кызматкерлер арасында кош жараңдыгы барлар ошончолук эле көппү? - Албетте, кимдин кош жарандыгы бар экендигин тастыктоочу документтери чыкканда гана айтса болот. Бирок, биз билебиз да, кош жарандыгы барлар өтө көп. Атүгүл парламентте да кош жарандыгы барлар отурганы боюнча маалыматтар айтыла калууда. Кош жарандыгы барлар парламентке чейин кирип келгенден кийин бул мамлекет үчүн өтө коркунучтуу. Себеби, кош жарандыгы бар адамда бир мамлекет үчүн күйүү (!) деген болбойт. Анын эки желеги болот. «Карышкырды канчалык баксаң дагы токойду карайт» дегендей, жарандыгын алган өлкө жакгты карап тура берет. Билесиздер, буга чейин мурдагы чоң жетекчилердин биринин уулу шпионаж менен кармалган. Менин оюмча, жалаң эле мамлекеттик кызматкерлердин эмес, чет өлкөлөр тарабынан каржыланган ЖМКларда иштеген журналисттердин да кош жарандыгы бар, же жок экенин текшериш керек. - Темир жол башкармалыгынын жетекчилеринин да айрымдарынын кош жарандыгы бар экенин айттыңыз. Бул так маалыматпы? - Темир жол стратегиялык тармак болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө ал жердин жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайыңдалган кишинин казак жарандыгы бар экени айтылууда. Бул биздин мамлекет үчүн өтө кооптуу. Темир жол аркылуу канча товар келип кетип тургандыгы тууралуу маалымат чет өлкөлөргө берилбесине ким кепилдик бере алат? Аттокур ЖУМАЕВ,

"Азия Ньюс"

Последние новости