www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Артык кылабыз деп тыртык кылдык» дегендей, соңку убактагы саясый сахнада жүрүшкөн эки буттуулар көпчүлүктүн кыжырына тийип атышканы жашыруун эмес. Эл карап турат. Биз өнүгөбүзбү? Иш кылабызбы? Же эки жаат болуп эле айтышып отура беребизби? Коомдо канчалык чыр-чатак көп болсо, артка кеткенибиз ошол да.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Нариман Түлеев, Азимбек Бекназаров сыяктуу бир ууч топтун Сооронбай Жээнбековго жаг-нуусу бүтпөй койду. Колдорунан келгени ушул - Алмазбек Атамбаевди шыбашып, «жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап» дегендей эле болушту. Убагында эмне булар тымпыйып отурушкан? Андай эле кыйын болушса Атамбаев кызматта турганда дал бүгүнкүдөй айкырып чыгышпайт беле? Эл тараза, эй! Кыргызда «жыгылганды теппейт» дейт. А булар чала жан арстандын үстүнө чыгып ойногон келемиштердин образын жаратып аткандай го? Деги эле жалпы кошоматчы, саткын элита сөрөйлөргө эскертип коелу: эр болсоңор убагында сындагыла! Маселен, бугүнкү Сокеге эмнеге каршы чыга албайсыңар? Себеби, көбү күч органдарынан коркот, «куйруктары толгонуп» калат. Айрымдары кызмат күтүп атышат. Айтор, баягы эле көрпендечилик! Элге үлгү көрсөтө турган коомдук ишмерлер кедеринен кетип атышса, анан буларды көргөндөр кантип туура жолго басышсын? Ток этери, президент кошоматчы, саткындарды жанына жуутпай сүрүп салса кеменгерлик кылган болот. А болбосо жолдон адашат... Дагы бир жагдайды эске алсак, экс-президенттердин кол тийбестигин алууну демилгелеп чыгышкан Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев түпкүлүгүндө Алмазбек Атамбаевге ор казы-шып, аны жазалоого билектерин түрүшкөнү жалпыга белгилүү болуп калган. Жогорку Кеңеш да бул мыйзам долбоорун колдоого алды. Бугүнкү күндө жабыла ба-ры Атамбаевди жазалоого ашыгышканы менен максаттарына жете алышабы? Же эртең Жээн-беков экс-президент болгондо аны да ушул эле сценарий менен жарга такашып, чөөлөрчө талап башташабы? Эгерде Атамбаевдин мамлекетке кыянатчылык кылган иштери ачыкталса, далилденсе, анда ал жооп бериш керек. Бирок, кептин мааниси - учурдагы бийликтин жагымподору эртең эле Жээнбековду да сатышып, көнгөн адаттарынча тепкиге алыпшасына ким кепилдик боло алат? Андыктан, саясый майданды тазалоого мезгил жетти окшойт. Ошого катар экс-премьер-министр, экс-спикер, экс-министр, эксдепутат, деги эле «экс» аттуу шылуун-шумпайларды, ууруларды Сооронбай Шарипович жаныша жакындатпай оолактатышы зарыл. А болбосо эл да таңгала баштады. Сөз менен иш качан айкалышат?..

Кубат КАРАЧЕВ,

"Азия Ньюс"
 

Последние новости