www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев «Апрель» тел-каналына интервью берип, «Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылыш керек» деп айткандан кийин саясый айдың кадимкидей козголо түштү. Москвада жүргөн Өмүрбек Бабановдун көктөн издегени жерден табылгандай болуп, өзүнүн карамагындагы депутаттарды, пиарщиктерди колунан келгиче козгоп койду.

Ошентип, ЖМК айдыңында, дээрлик социалдык тармактарда «Бабанов келсин!» деген акция жүрүүдө. Бир жылда унутула түшкөн каарманыбыз кайрадан өз атын чыгартып, коомчулук астында татаал кырдаалды түзө баштады. Калыстык үчүн караганда, учурда анын тарапташтары, колдоочулары да арбын экенин тана албайбыз. Өткөн президенттик шайлоодо күбө болдук, өзгөчө Кыргызстандын түндүк катмары дуулдап колдоп кеткенин... Кечээ күнү БӨТтүн эң жакын адамы менен сүйлөштүк.

Ал атын атагысы келбей, бирок, сыр катары жакынкы күңдөрү (жаңы жылга чейин) Бабановдун келе турганын ырастады. Ооба, тилектеши буга чейин Жамбыл аркылуу Таласка өтүп келүүсүн айтса, Бабанов: «Жетишет, ушул убакка чейин мени коркок кылып көрсөтүштү. Биздин үч тараптуу сүйлөшүүбуз болгон, мен сөзүмө туруп, бир жыл сыртта жүрдүм. Мага карата саясый кылмыш иштери козголгону далилденди. Мен Бишкекке чукул арада барам. Күч органдарынын кандай суроолору болсо да жооп берем. Мени камаганга негиз жок! Мекениме келем!» деп чечкиндүү билдириптир. Бир жыл Кыргызстандан тышкары жүргөн «Республиканын» лидери намысына келип, ага карата айтылган «коркок» деген печатты алып ыргытканы калды окшойт. Жаңы жыл астында Аяз атадай болуп, Өмүрбек Токтогулович күлүп-жайнап кирип келсе, албетте, миңдеген тарапташтары кол чаап, жылуу маанайда тосуп алышат. Балким, бийлик алдыдагы саясый кырдаалды таразалап, тергөө иштери бүткүчө үй камагында калтырышы мүмкүн.

Эгерде камакка алсачы? Анда Кой-Ташта жамбаштап жаткан Атамбаевге Кудай берет. Жазды күтпөй эле нааразычыльк акциясын баштап жибериши ыктымал. Тигил жактан Талас көтөрүлүп кетишинен эч кандай шегибиз жок. Бабанов жөн салды эле келе кала турган бала эмес. Ал баардык жагын анализдеп, эл астынан упай алуу үчүн, колдоого ээ боло турганын сезип, ошондон кийин гана чечкиндүү кадам таштады окшойт. Ким билет? Бабанов «келем» деп туруп, кайра келбей койсочу? Анда биротоло «саясый өлүк» катары чет элде жортуп жүрүп күнү бүтөт. Бирок, биз ага бу саам ишенип турабыз...

Тайлак НАЗЫМОВ,

"Азия Ньюс"

Последние новости