www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Кубатбек Айылчиевич, кечээ жакында эле ЖМКдар мамлекеттик каржы чалгыны кызматынын жетекчилиги баардык коммерциялык банктардан эсептердин жана ячейкалар-дын ээлери жөнүндө маалымат берүүнү талап кылгандыгын кабарлашты. Бул боюнча сиздин п-зицияңыз кандай?
- Ал туура эмес. Мыйзамга да каршы кетет болуш керек. Себеп дегенде, «жеке менчикти коргоо» деген бар. Ошонун негизинде андай болбошу керек. Кылмыш иши козголчу болсо, ошонун алкагында, соттун санкциясы менен деректүү сураса, анда башка маселе. Анан «баары тууралуу маалымат бергиле» деген туура эмес.
- Бирок, экинчи жагынан көп чинонииктердин канча байлыгы бар экенин, акчаларын каякка жашырып, кимдерге каттатканын эч ким билбейт. Аларды ашкерелеш үчүн эмне кылыш керек анда?
- Анын өзүнүн рычагдары бар да, чиновниктер көп болсо 100-150 миң киши болушу мумкүн. Анан 6 миллион калкты бүт текшергенде, эртең бирөө «мыйзам бузулду» деп сотко берсе кандай болот? Менимче, андай жол менен барбаш керек. «Бизде эркиндик, демократия» деп айтып атабыз. Ошондуктан, буга окшогон маселелерди мамлекеттеги түзүлүштүн алкагында, мыйзам чегинде караш керек. Мыйзам жол берсе, менин эч кандай каршылыгым жок.
- 141 чиновниктин декларацияларында дал келбестик бар экен. Алар маалыматты жашырбашы үчүн кандай чаралар керек?
- Мыйзам бар да. Декларациясында туура эмес маалыматтарды көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчилик каралган.
Керим МУРАС,
"Азия Ньюс"