www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Ош шаардык сотунун төрага орун басарына жана судьясына, Ош облустук сотунун судьясына жана мурдагы судьясына кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, шектүүлөр "2016-жылдын декабрында жана 2017-жылдын мартында Кыргызстанда оор кылмышка айыпталып камалган тажик жаранынын пайдасына чечим чыгарган, камактагы адам мыйзамсыз бошотулган" деп айыпталууда.
Иш Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") жана 328-берене ("Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу") менен иликтенип жатат. Материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлдү.
Булак: NazarNews.kg