www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чикагодо эже-сиңдилерге адам өмүрүнө кол салуу беренеси менен кылмыш иши козголду. 

Маалыматка ылайык, туугандар Джессика жана Джейла Хилл дүкөнгө кирип келе жатканда аларды босогодон күзөтчү токтотуп беткап кийип жана колдорун антисептик менен тазалоосун талап кылган. Мындай талапка эже-сиңдилердин баш ийбей дүкөнгө кирүүгө аракет кылышкан. Күзөтчү алардын жолун тоскондо, туугандардын бири кароолчуну таштанды таштоочу чака менен башка уруп мойнунан кармап турган, ал маалда экинчиси таракка катылган бычак менен соккуларды жаадырган. Алган жаракатына карабастан, күзөтчү эже-сиңдилерди полициянын келишине чейин кармап турууга күчү жеткен. 

Ооруканага жеткирилген күзөтчүгө жардам көрсөтүлүп, бирок, эч кандай хирургиялык аралашуунун кажети жок экени белгилүү болгон. Жалпы сан менен күзөтчүнүн денесине 27 жолу бычак сайылганы белгилүү болгон. 

Хилл туугандары абакка камалганда алардын жактоочусу аялдар өзүн-өзү коргоо максатында аракет кылгандарын, ошондой эле алар эмоцияларын башкарууда кыйынчылыктары бар экенин кабарлаган. Буга карабастан, сот күбөлөрдүн жана ошондой эле камералардан алынган видеолорго таянып туугандарды үй камагына чыгаруудан баш тарткан. 

Азыркы учурда Джессика жана Джейла Хиллдерге карата тергөө толугу менен бүтүп, алар сот чечимин күтүп жаткан кездери. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости