www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициялык фракция Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевди сунуштап жатат. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбев билдирди.

Белгилей кетсек, оппозициялык фракциянын квотасы менен дайындалган БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. Анын ордуна Сариевдин талапкерлиги парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында каралары күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Акылбек Сариев 2002-2008-жылдары Борбордук шайоо комиссиясынын мүчөсү, ал эми 2010-2011-жылдары төрагасы болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости