www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жаш шахматчылары эл аралык онлайн-турнирде 4 медаль тагынышты. Бул тууралуу Шахмат федерациясы билдирди.

Эл аралык «Unity Chess» командасы «lichess.org» онлайн платформасында өткөрүлгөн «16 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр арасындагы II онлайн биримдик чемпионатынын» жыйынтыгын чыгарды.

Турнир 8, 10 жана 12 жашка чейинки курактагы балдар жана кыздар арасында, 14, 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында 3 + 0 убакыт көзөмөлү менен өткөрүлгөн. Онлайн мелдешке 23 мамлекеттен 164 оюнчу катышкан.

Кыргызстандын атынан катышкан төмөндөгү 4 шахматчы медалга ээ болушту:

Айжан Съездбекова — 10 жашка чейинки кыздар арасында I орун

Эмир Шаршенбеков — 10 жашка чейинки эркек балдар арасында II орун

НамысТокталиев — 8 жашка чейинки эркек балдар арасында II орун

Элдияр Орозбаев — 14 жашка чейинки эркек балдар арасында III орун (жалпы эсепте 7-орун).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости