www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында Байтик баатыр жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Бүгүн ,13-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн О.Медеров жана М.Горький көчөлөрү менен чектелген бөлүгү жабылат. Ал эми И.Ахунбаев көчөсүнүн А.Малдыбаев жана К.Тыныстанов менен чектелген бөлүгүндө 15-июндан тарта унаа кыймылы үчүн чектөө коюлуп, жол оңдоо башталат.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн А.Токомбаевден А.Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына асфальттын экинчи катмары басылууда. А.Сүйөркулов жана О.Медеров көчөсү менен чектелген аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалууда. Ал эми И.Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматовдон А.Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. А. Токтоналиевден А.Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.

Аталган эки көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости