www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир мисал…
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коррупцияга шектелип кармалып, ага карата 7 берене менен иш козголушу кыргыз бийлигинин беделине көө жаба турган окуя болду.
Мунун өзү буга чейин Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин, тактап айтканда, эки достун ортосунда тымызын тирешүү бар экенин ачыкка чыгарды десек болот.
Анткени, Алымкадыр Бейшеналиев Өкмөттүн катардагы, көзгө илинбеген кайсы бир мүчөсү эмес, Президент Садыр Жапаровго жакын адамдардын бири экендиги белгилүү. Бир жагынан кылмыш курамына эпизод болгон фактылар буга чейин анын үстүнөн даярдалып келген жагдайлар экенин ачыктады.
Мунун өзү кечээ эле Президент Садыр Жапаров менен Чолпон-Атадагы курулушу жүрүп жаткан объектилерди кыдырып жүргөн Алымкадыр Бейшеналиевдин коркунучтуу кылмышкердей кармалышы жөн эместигин ачыктайт.
Албетте, кылмыш деген кылмыш. Президент өзү айткандай, ким болбосун кылмышы болсо жооп берүүгө тийиш. Бирок, буга чейин күндө чуулгандуу окуялары менен маалыматтын «чок ортосунан» кетпеген миристрдин кармалышы кыргыз бийлигине, болгондо дагы Президенттин өзүнө көө жапты…
Ага кошумча, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Жогорку Кеңештин жыйынына келип, депутат Адахан Мадумаров менен жаакташып, «колуңду сындырам, тилиңди үзөм» деген маданияттан алыс сөздөрдү оозго алып, кармашып кеткени ого бетер үрөйдү учурду.
Коомчулук бир кездеги генерал Суталиновдун «айтылуу колун» эске салып, талкууга алганы жөн жерден эмес. «Мээнет жалпак, дөөлөт тоголок» деп эл ичинде жөн жерден айтылбайт.
Октябрь окуяларынан кийин кыргыз бийлигине келгендердин жана бийликке кандайдыр бир жол менен илешип алгандардын тарыхтан эч кандай сабак алышпаганын, келип-келип мындай окуялардын азабын эл тарта турганын билдирет.
Элдин эсинде болсо, катардагы Өкмөт мүчөсү эмес, Жогорку Кеңештин спикери «Ит эле болду, сарбагыш» деген бир сөз үчүн кызматын тапшырган. Жогорку Кеңештин кадыры менен баркын аңдабаган айрым эл өкүлдөрү Камчыбек Ташиевге кошомат кылып отурушу өтө одоно көрүндү.
Мындай жорук-жосундар кайталана берсе, анда кыргыз бийлигинин кадыры калбай турганы бештен белгилүү…
Чын-чынында бийликке чоң даярдык менен келүү кажет. Сабаттуулук, сабырдуулук, саясий маданият, пикирди сыйлоо, тараптардын талашын тең салмактоо, сынды көтөрө билүү… Мунун баары саясатчылардын куралы болууга тийиш.
Ал эми акыркы күндөрү бири-биринин сынын көтөрө серпилген аткаминерлер менен саясатчылар, Алымкадыр Бейшеналиев сыяктуу «хайп» кармаганды адат кылган чиновниктердин арбып бара жатышы жакшы жорук эмес.
Бийликтин кадыры бир тыйынга татыбай турса, таасири канчалык? Муну акыл-эстүү ар бир адам туюп-билип турат.
Демек, кыргыз бийлиги жана ага илешкендер ансыз дагы кымбатчылык басып, тышкы саясаттагы опурталдуу окуялардан улам маанайы суз болуп турган элдин үмүтүнө суу сеппей, терең ойлоно турган жерде…
Булак: NazarNews.kg