www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер камала баштады, эмки кезек вице-премьерлердеби? Назар-акеге көңүл буруп көрөлү, бул чөнтөгүн шыкаалап жатып, бир бүктөм кагаз алып чыгып, турнабайын Бакыт Төрөбаевди көздөй бурду да, минтип төгүп кирди:
Отко салса күйбөдүңүз,
Сууга салса чөкпөдүңүз.
МЧСтен каңтарылып,
«Республикадан» көктөдүңүз.
АША жакка башты ийип,
«Өнүгүүдөн» «сөөктөдүңүз».
Жээнбековдун шайлоосунда,
Бабановду өкчөдүңүз.
Сууга салса чөкпөдүңүз,
Отко салса күйбөдүңүз.
Асел менен ун талашып,
«Мукомолдо» жүрбөдүңүз.
Жээнбековдун убагында,
«Өнүгүүнү» сүйбөдүңүз.
Элге угулган Соке менен,
«Мекенимде...» жүргөнүңүз.
Жапаровдун заманында,
«Мекениме...» күйбөдүңүз.
Таштай качып партияны,
«Ата-Журтту» үйлөдүңүз.
Өкмөт жактан кызмат алып,
Өктөмүрөөк сүйлөдүңүз.
Жаркырайсыз, баркырайсыз,
Жаңырасыз, жамаласыз.
Түсүңүздү тез өзгөртүп,
Куурулбайт эч заманаңыз...
Сиздей адам СИЗОдо дейт,
Билбейм качан камаласыз?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg