www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөрүлө турган Башмыйзамда тайманбай туруп өз мамлекетибиздин атын туура беришибиз керек. Кыргызстан Республикасы деп аталып келген биздин мамлекет, 1993-жылдын 5-майына кабыл алынган Башмыйзамдан соң, орус тилинде официалдуу «Кыргыз Республикасы» деп айтыла баштаган. «Бөйрөктөн шыйрак чыгара берет» деп айта тургандар четинен чыгары белгилүү.

«Кыргызстан Республикасы» менен «Кыргыз Республикасынын» айырмасы кандай деп айткандар болушат. «Кыргыз Республикасы» Башмыйзамда жазылгандай орусчасы «Кыргызская Республика». Жыйырма жылдан бери болуп жаткан ызы-чуулардын түйүнү эмнеде? Грамматиканы түшүнгөн адамдар үчүн «Республика» зат атооч, ал эми «Кыргызская» сын атооч. Сын атооч «Кандай?» деген суроого жооп берип, заттын сынын гана билдирет, энчилүү зат бул жерде «Республика» «Ким?», «Эмне?» деген суроолорго жооп берет. Зат атоочко салыштырмалуу төмөндөтүлгөн энергетикага ээ болуп, зат атоочту аныктап, мүнөздөгөн сын атооч «Кыргызская». «Кеме кандай болсо ошондой сүзөт» -дегендей, мамлекетибиздин атын туура эмес, ката атаганыбыздан биз башаламандыктан кутулбай келатабыз.

Биз менен эгемендүүлүктү алышкан башка мамлекеттердин, ал эмес Орусиянын курамында келаткан республикалардын аттары энчилүү зат атооч «Республика Беларусь», «Республика Молдова», «Республика Казахстан», «Республика Латвия», «Республика Соха, Коми, Тыва, Ичкерия ...» 

Орус эли славяндардын катарында жүргөн мезгилде кыргыздар Улуу Кыргыз державасын түзгөнү тарыхта белгилүү. Атаандаштар мунун эмнеси бар экен болбогон «мелочь» деп айтышы мүмкүн. Болбогон нерселер болбойт, биз өз мамлекетибиздин атын жакшылап түздөй албай жатып, кимге чокчоңдойбуз? Бир гана ишке жарабаган "деталь" бир бүтүн машинаны иштен чыгарып коюшу мүмкүн. Түшүнбөгөн адамга мамлекетибиздин аты болбогон нерсе болуп жатса, түшүнгөн адамдар үчүн болуп жаткан башаламандыктын себеби ушул. Ысым айрыкча кыргыз эли үчүн энергетикалык чоң күч берип турат. Ошондуктан байыркы ата-бабаларыбыз буга чоң маани беришип, төрөлгөн ымыркайдын атын койгондо азан чакырып тиешелүү ысымдарды ыйгара турган. Биз орус элине акыл-насаат айтып, «Кыргызская Республика» дегенди өзгөрткүлө деп айтуудан алыспыз, биз ошол сөздү кыргыз тилине туура которуу керектигин баса белгилеп кетмекчибиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости