www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджетке, мамлекетке зыян келтирген адамдарды кызматка жолотпош керек”, - деди бүгүн, 26-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

-Эсенгул агай, Өкмөт башчы кандай критерийде тандалышы керек? Түндүк-Түштүк деген жазылбаган мыйзам иштеш керекпи же адискөйлүккө басым коюлушу керекпи?

-Негизи жаңы өкмөттүн курамын тандоо укугу жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча президенттин укугуна кирет. Президенттин иши ийгиликтүү болушу үчүн, командасы кесипкөй, тажырыйбалуу жана таза, адамдык сапаты жогорку инсандар болушу керек. Ошондой эле министрлер кабинетин тандоодо жашына, улутуна, жынысына жана түндүктүк же түштүгүнө басым жасалбашы зарыл.

-Толук болбосо да, өкмөт мүчөлөрүн тандоодо люстрциянын айрым элементтери эске алынышы керекпи?

-Албетте, эске алынса жакшы болот эле. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджетке мамлекетке зыян келтирген адамдарды кызматка жолотпой,  люстрациядан өткөрүп, анан алыш керек.

-Люстрацияны жогору жактагылар эле ишке ашырышы керекпи же коомчулуктан да жардам бериши зарылбы?

-Мамлекеттик кадр кызматынын алдында люстрация боюнча комиссия түзүп, коомчулуктун ар кайсы катмарынан мүчөлөрдү киргизсе жакшы болот эле. Ал комиссия аткаруу, сот бийлигине жана прокуратура, ички иштер органдарынын жетекчилигине кадрларды тандоодо  дагы өтө чоң акыйкаттуу ролду аткарышы зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости