www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 98 миллион 794 миңден ашуун, анын ичинен 2 миллион 124 миңден ашууну каза болгон (25.01.2021-ж. Европа убактысы боюнча 17:30га карата).

Акыркы сутка ичинде дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциянын 514 098 жаңы учуру аныкталып, 11 434 бейтап каза болду. Джон Хопкинс университетинин учурдагы маалыматтары боюнча ооруну дүйнөдө 99 миллион 718 миңден ашуун адамды жуктуруп, анын 2 миллион 139 миңден ашууну көз жумган.

ДДУнун маалыматы боюнча, 24,775 миллиондон ашык адам коронавирус инфекциясы менен ооругандыгы аныкталган АКШ биринчи орунда турат. Экинчи орунда Индия (10,667 миллиондон ашык), үчүнчү орунда Бразилия (8,816 миллиондон ашык), төртүнчү орунда Россия (3,738 миллиондон ашык), бешинчи орунда Улуу Британия (3,677 миллиондон ашык) турат.

ДССУнун маалыматы боюнча, бир күндө АКШда 170 883, Индияда 13 203, Бразилияда 62 334, Россияда 19 290 жана Улуу Британияда 30 004 жаңы учур катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости