www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия өкмөтү расмий түрдө Тик Ток сыяктуу 59 кытайлык программага тыюу салган. Бул тууралуу NDTV телеканалы билдирди.

Кытай программаларына таптакыр тыюу салуу чечимин Индиянын Электроника жана маалымат технологиялары министрлиги кабыл алгандыгы маалымдалды. Alibaba тарабынан иштелип чыккан UC браузери дагы толугу менен тыюу салынган платформалардын катарына кирди.

Индиянын Кытай программаларына тыюу салуу чечими Ладак аймагындагы эки өлкөнүн ортосундагы чек ара чатагы курчуп турган учурда кабыл алынды. Мындай жыйынтык, Индия менен Кытайдын ортосундагы Ладак чек ара чатагы 2020-жылдын 5-майында эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин куралдуу кагылышуусунун натыйжасында келип чыккан. Андан бери эки өлкө тең аймакка өз аскерлерин жөнөтүп келишет.

Буга чейин чек ара жаңжалында Кытай тарап 43, Индия 20 тарап жаранын айрылган. Буга чейин Индиянын тоолуу Гималай району Сиккимде Индия менен Кытайдын чек ара аскерлеринин ортосунда кагылышуу болгонун кабарлаганбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости