www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда куш тумоосу эпидемиясы менен күрөшүүнүн негизинде 2 миллионго жакын өрдөк жок кылынды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Тамак - аш жана айыл - чарба министри Жулиен Денорманди Франциянын түштүк батышындагы 8 аймакта куш тумоосунун чыккандыгын билдирди. Денорманди: «392ге жакын фермада куш тумоосу аныкталды. Буга бир гана чечүүчү жол бар, вирустун жайылуусун алдына алуу. Ушул себептен 2 миллионго жакын өрдөк жок кылынды»,- деди.
Вирустун өрдөктөн өрдөккө жуккандыгын айткан Денорманди адамга жугуу коркунучунун жок экендигин, жумуртка, тоок жана өрдөк этин пайдаланууда коркунучтуу эмес экендигин белгиледи. Франциянын түштүк - батыш аймактарында, 2015-2016 жана 2016 – 2017 - жылдары кыш мезгилдеринде чыккан куш тумоосунда миллиондогон канаттуулар жок кылынган.
Эпидемия Франциянын экспорттук кирешесине миллиондогон доллар зыян келтирген.