www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын экономикасы энергетикалык ресурстарга, өзгөчө мунайзатка болгон көз карандылыгы менен айырмаланат. Өлкө жыл сайын орточо 1,2 миллион тонна бензин, дизел отуну жана авиакеросин керектейт. Анын 90 пайыздан ашыгы Россиядан импорттолот. Бул абал мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун бир эле булакка байлап койгон чоң тобокелдикти туюндурат.
Акыркы айларда Орусиядагы мунай тармагы бир нече оор сыноого туш болуп жатат. Эл аралык санкциялар, ошондой эле Омск, Орск, Ачинск жана Яйск мунай заводдоруна жасалып жаткан дрондук чабуулдар алардын өндүрүшүн үзгүлтүккө учуратууда. Натыйжада, Орусиянын өзүндө мунай тартыштыгы күчөп, экспортту чектөөгө жана бааларды көтөрүүгө аргасыз болууда.
Мунун кесепети Кыргызстанга дароо тийди. Соңку эки-үч айдын ичинде өлкөдө бензин менен дизел отунунун баасы 3–5 сомго жогорулады. Күйүүчү майдын тартыштыгы күчөп, бул экономиканын бардык тармактарына, өзгөчө транспорт жана соода системасына сокку урду. Себеби, күйүүчү май кымбаттаса транспорт чыгымы өсөт. Транспорт чыгымы өссө, азык-түлүккө болгон товар да кымбаттайт. Баары бири-бирине байланган.
Мунай тартыштыгы жана баанын өсүшү, жөн гана базар көйгөйү эмес, бул улуттук коопсуздук маселеси. Кыргызстан өзүнүн энергетикалык стратегиясын кайра карап чыгып, мунай булактарын көп тармактан алууга жетишүү, ички корду түзүү жана логистикалык көз карандысыздыкты камсыздоо багытында чечкиндүү кадамдарга барышы керек. Антпесе, бир булакка таянуу оор туюгуюкка кептеп коёрун, учурдагы кырдаал далилдеп жатат.