www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Амансызбы Акыйкатчы, бар экенсиз го?

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева БУУнун өкүлдөрү менен жолугушууда өлүм жазасын киргизүүгө каршы пикирин билдирди. Ал жогорку жаза көйгөйдү чечпейт, анын ордуна тергөөнүн сапатын жакшыртуу, сот адилеттигин камсыз кылуу керектигин айтты. 

Албетте,  “өлүм жазасы көйгөйдү чече албайт деген аргумент”  туура. Бирок коом азыр акылдуу сөзгө эмес, ырайымсыз чындыктын алдында эл менен тең туруп, “мен силердин ооруңарды сезип жатам” деген иш-аракетке муктаж. Мындан ары Акыйкатчы институту элдин үмүтүн жоготпой, трагедиялардын артынан эмес, алардын алдында үн чыгарышы керек.

Ырасында, жазанын катаалдыгы эмес, мыйзамдын иштешиндеги тактык жана тергөөнүн, соттун калыстыгы маанилүү. Ошондуктан тергөөнүн сапатын жакшыртуу, сот адилеттигин чыңдоо, адам укуктарын коргоо системасын күчөтүү зарыл. 

Акыйкатчы институту трагедиялардан кийин гана үн чыгарбастан, алардын алдын алууга багытталган системалуу иштерди жүргүзүп, коомдогу адилеттикке болгон ишенимди тирилтүүнүн символуна айланышы абзел.

Последние новости