www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир үй-бүлөгө эки жолу үлүш жерлери берилген

Талас облустук прокуратурасы бир үй-бүлөгө эки жолу үлүш жерлери берилгендигин аныктап чыкты.

Атап айтканда, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан 1995-жылы райондун тургуну Э.О. жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 2,1га жер тилкеси үлүш катарында берилген.

Бирок, 1997-жылы Талас райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ушул эле үй-бүлөгө мйызамды бузуу менен экинчи ирет 1,8га жер тилкеси үлүш катарында кайрадан берилген.

Өз учурунда прокуратура экинчи жолку мыйзамсыз берилген жер тилкенин чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгы менен доо арыз толугу менен канааттандырылган.

Андай кийин, соттук чечим мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу Долоно айыл өкмөтүнө прокурордук акты келтирилип, анын жыйынтыгы менен 1,8га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости