www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жылда 35 миң баланы расмий никеси жок аял төрөгөн

Бир жылда 35 миң баланы расмий никеси жок аял төрөгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин демографиялык бөлүмунүн жетекчиси Гүлхумар Абдулаева билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылы 45,5 миң түгөй үй-бүлө курса, 12,5 миң ажырашып кеткен.

«2022-жылы 35 миң бала энесинин атына катталган. Алардын бир бөлүгүнүн ата-энеси бар, алар никесин расмий катташкан эмес», — деди Гүлхумар Абдулаева.

Депутат Айсулуу Мамашева өлкөдө бир муун атасыз өсүп жатканын белгиледи.

«Эркектердин жоопкерчилиги төмөн болуп жатат. Ыйлагың келет. Баланы жалгыз чоңойтуп, ошол эле учурда иштеп жүргөн жалгыз бой энелердин саны көбөйүп жатат. Муфтият аркылуу жума намаздарда түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк», — дейт эл өкүлү.

Жыйында 2023-жылы алиментке байланышуу 53 миң 548 иш сотто каралганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости