www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошентип, президентти шайлап алдык. Эми аткаруу бийлигинин башчысы, премьер-министрлик кызмат орду өз ээсин табышы керек. Учурда «премьер-министр ким болот?» - деген суроо көптөрдүн бүйүрүн кызытууда. Саясат таануучу Игорь Шестаков бир катар талапкерлердин өкмөт башчылык кызматка келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жогору экенин айтты.
Анын айтымында, премьер-министрликке Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов же Бабыржан Төлбаев келип калышы ыктымал.
Саясат таануучу белгилеп өткөндөй, эми иштин негизги бөлүгү өкмөт башчынын мойнуна жүктөлөт. Чоң иштерди алып барууга туура келет. Экономикалык-социалдык абал оор, ишти жөнгө салып, өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы премьер-министр эл аралык коомчулук, инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каржы булактарын табышы керек.
Ошондуктан, премьер-министрлик кызматка кесипкөй, аткаруу органында тажрыйбасы жетиштүү адам келиши зарыл.
Булак: Майдан.kg гезити