www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Министр мырза аларды тартипке чакырганча, тигилер да элибизден кечирим сурап коюшса болмок», - дейт чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазов. Мындай пикирин ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Ушундай министирди да жамандап жатсанар силерге эмне жагат озу???
Тышкы иштер министирлигинде иштеген, чет тилдерден 7 тилде эркин сүйлөгөн, билимдүү, жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен аяктаган, ыйман деп Кудайдын жолунда жүргөн, колу таза, мамлекеттик кызматтарда такшалган, дипломат Нуржигит Кадырбеков мырза жакында эле маданият, маалымат жана туризм министри болуп келди.
Ырчымын деп эле, батыштын сыркындыларын биздин улутубузга тануулап, ыймандан чыгып, оозун булгап сөгүнүп, ар намысыбызды тебелеп жаткан Курал, Кайрат деген эргулдарды тартипке чакырды. Бул кадамы улуттун ар намысы үчүн болду. Бул ишти «Ээ бали азамат экен» дегендин ордуна жумуштан кетсин деп чыгышты. Бул эмне деген акмакчылык.
Мыйзам дейбиз ...Кээ бир мыйзамдан нарк-насил, ар намыс жогору турат эмеспи.
Министр мырза аларды тартипке чакырганча, тигилер да элибизден кечирим сурап коюшса болмок. Тоготпой коюшбадыбы? Акылдуу адам күнөөсүн мойнуна алат эмеспи?
Нуржигит мырза Кудайдын, элдин алдында ак иш жасады деп эсептейм!», - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg