www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва прокуратурасы Внуково аэропортунда 17-январда массалык иш-чараларды уюштуруу мыйзамсыз экенин эскертти. Ал күнү аталган аэропортко оппозиционер саясатчы Алексей Навальный Германиядан учуп келери пландалган. Тарапташтары аны тосуп алуу иш-чарасын уюштуруп жатканы, эки миңдей киши катышары кабарланган. Ошондой эле Навальныйга каршылар деле аэропортко барат деген маалыматтар бар.
Прокуратура 17-январда аэропортто массалык иш-чара уюштурбоого чакырды, бирок кеп кайсыл иш-чара тууралуу экени айтылган жок.
2020-жылдын августунан бери Берлинде дарыланып жүргөн Алексей Навальный Инстаграмдагы баракчасында видеокайрылуу жасап, 17-январда Москвага «Победа» учагы менен кайтып келерин билдирген.
Ошол кезде Орусияда Навальныйга карата жаңы кылмыш иштери ачылды. 29-декабрда Тергөө комитети саясатчыга өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен кылмыш ишин козгогон.
44 жаштагы Алексей Навальный – Кремлдин башкы сынчысы. Ал өзү жетектеген Коррупцияга каршы аракеттенүү фонду менен бирге Путиндин айланасындагы аткаминерлердин коррупциялык иштерин, мыйзамсыз жыйган байлыктарын ашкере кылып келет.
Булак: NazarNews.kg