www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Президенттик шайлоого кандай баа бердиңиз?

- «Калк айтса калп айтпайт» дегендей, шайлоо мурунку шайлоолорго караганда жакшы таза өттү. Административдик ресурс колдонулган жок. Добуштарды сатып алуу деген болгон жок.

Конституциянын экинчи беренесинде так жазылып турат: бийликтин ээси эл деп, чындыгында элибиздин тандоосу болду.

- Эми мындан аркы аракетибиз кандай болушу керек?

Бугүнкү күнү мамлекетибизде саясий, экономикалык, социалдык абалыбыз оор болуп турат. Ошондуктан, бардык саясий күчтөр жана талапкерлер шайлоону таанып, эл-журтубуз колдоп утуп келген Садыр Жапаровдун иштешине жардам беришибиз керек. Кыргызда жакшы накыл сөз бар эмеспи, «эрегиштен эр өлөт» деген. Бийлик деп ызы-чуу болуп жатып мамлекетибизди жоготуп албайлы.

Кийинки орунду алган азаматтардан суранат элем, мамлекетибиздин бүтүндүгү, эл-журтубуз келечеги үчүн биригип, эл тарабынан утуп келген президентке жардам берип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу деп.

Булак: Майдан.kg

 

Последние новости