www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Бишкек газ» филиалынын кызматкери акча опузалоого шектелип кармалды Бул тууралуу бүгүн, 23-январда «Tazabek» басылмасы күч органдарындагы өздүк булактарына таянып жазды.

Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкектеги башкармалыгына шаар тургуну кайрылган. Ал 40 миң сом опузалаган «Бишкек газдын» А. жана К. аттуу кызматкерлерине чара көрүүнү суранган.

«Каржы полициясынын кызматкерлери шектүүлөрдүн бири К.ны кармашты. Анын жанынан мурда белги коюлган 40 миң сом табылган», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости