www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндөрү жоолук маселеси боюнча муфтиятка ар кайсы аймактардан көптөгөн кайрылуулар жана даттануулар келип түшкөн. Айтымдарында, алар жоолуктун айынан мектеп жашындагы кыздарын мамлекеттик билим берүү мекемелерине жибере албай калышкан.

Айрым мектеп директорлору жана мугалимдери мектептин ички уставына таянып, диний үй-бүлөлөрдүн кыздарын мектепке жоолуксуз келүүсүн талап кылган жагдайлар көбөйгөн. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Кадыр Маликов социалдык желедеги жеке баракчасына маалымат жарыялады.

Анын айтымында, бул позиция зулумдукка, акыйкатсыздыкка алып келет.

--"Анткени бул абал диний үй-бүлөлөрдүн балдарынын билим алуусуна тоскоолдук жаратат. Жоолукту же окууну тандаш керек деген талап туура эмес. Анткени жоолук салынуу ар кимдин өз тандоосу, илим алуу – бул милдет”, -  дейт Маликов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости