www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бойго жеткен үч томолой жетим балага Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан батирлер берилди. Бул тууралуу Талант Рыскулбек уулу жергиликтүү радиолордун бирине  маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдан тарта турак жай кодексине ылайык, борбор калаадагы жетим балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү, үй менен камсыз боло баштайт. Ушул жылы үч томолой жетимге үй берилсе, учурда дагы 38 ата-энеси жок чоңойгон бала муниципалитет бере турган үйгө ээлик кылуу үчүн кезекте турат. Белгилей кетсек, берилип жаткан үйлөр убагында мыйзамсыз менчиктештирилип, бирок кийин кайра муниципалитеттин балансына кайтарылган жана кароосуз калган батирлер болчу.

Эске салсак,  Кыргызстанда 13,5 миң жетим жана кароосуз калган балдар бар. Жыл сайын балдар үйлөрүнөн жана интернаттардан  350-400 бала бүтүрүшөт. Жашоо көрсөткөндөй, 18 жаштагы бул балдардын өз алдынча жашоого эч кандай даярдыктары жок. Алардын 5% гана кийин ыңгайлашып кетишет, билим алышып, үй-бүлө куруп, өз жашоолоруна тың болушат. 6% маргиналдашып, ичип кетишет, селсаяктарга айланышат, криминалдын катарын толукташат. 80% дан көбү ар кандай кыйынчылыктарды баштарынан кечиришет. Кыздар турмушка эрте чыгышат, адатынча 16-17 жаштарында, башка бирөөнө толук көз каранды болушуп, укуктары тебеленип, кемсинип жашап калышат. Эркек балдар болсо оор кара жумуштарга орношуп, кээ бирлери баш калкалаар жери жок,  бир табак тамакка жалданып иштеген малайга айланышчу. 

 Эми минтип турак жай менен камсыздай баштаса, жетим балдарга жакшы жөлөк болчудай.

Булак: NazarNew.s.kg

Последние новости