www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адриана Илиеску (ADRIANA ILIESCU) Румыниянын жараны. 2005-жылы, 66 жашында өмүрүндө биринчи жолу эне болгон. Муну менен ал Гиннес рекордов китебине кирген. Бирок, анда көп кармалган эмес, себеби бир жыл өтүп-өтпөй  испаниялык аял 67 жашында көз жарып рекордду жаңылаган болчу.

Адриана жашоосунда бир гана жолу турмушка чыккан. 24 жашында түгөйлөр ажырашып, эки жолго түшкөн. Андан кийин колун сурагандар болгон деле эмес, себеби Адриана өзүн багуу үчүн көп иштеп, карьеранын артынан чуркап, ылайыктуу адамды тапкан эмес.

Технологиялардын өнүгүү заманы. 2000-жылдары Румынияда ЭКО кылуу мүмкүнчүлүгү жаралган. Мына ушул кызматтан Адриана дагы пайдаланып, өзүнүн тун кызы Элизаны жарык дүйнөгө алып келген.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын айтымында, кыз дени сак төрөлгөн. Алар эң улгайган энеден жергиликтүү жылдызды токушту. Бирок ал маалыматтар өлкө сыртына дагы тез ылдамдык менен тарап, Адриананын ысымы дүйнөгө таанымал болгон. Ал учурда Адриана пенсиядагы адам болчу. Пенсиясы айына 250 еврону түзгөн. Ал деле Рымуния үчүн кыйратып жиберген киреше болгон эмес.

Адриана менен анын кызы Элизанын сүрөтү интернет мейкиндигинде өтө көп. Себеби, убагында бул окуяга ишенүү кыйын эле. Учурдагы жогорку технологиянын жардамы менен 70 жаштагы кемпирлер деле төрөп жатат. Бирок, алар тууралуу маалыматты интернеттен табуу кыйын.

Адриананын айтымында, айрым учурларда жагымсыз жагдайга туш келген учурлар болот. Кээде көчөдөгү адамдар аны Элизанын чоң энеси деп ойлошот. Бирок Адриана бул жайдайга көп деле капаланбайт. Ал болгону өзүнүн сүйүктүү чүрпөсү менен бактылуу убакыттарды бирге өткөрүп, анын тарбиясына өзгөчө маани берет.

Убакыт өтүп, кыз чоноюп, бойго жетүүдө. Элиза өзү курактуулардай эле шайыр, социалдык тармактарды колдонот, кыскасы эч нерсеси менен айырмаланбайт.

Учурда Элиза 14, апасы Адриана болсо 80 жашта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости