www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч актын тиричиликтеги пайдасы

Кожойкелерге күмүш сырга. Сиз турмуш-тиричиликте пайдаланып жаткан 3 актын – туз, сода жана кумшекердин кандай пайдалуу касиеттери бар экендигин билесизби? Аларды тамак-ашка колдонуудан сырткары тиричиликте кантип пайдаланса боло тургандыгы тууралуу сөз кылалы.

Туз

—Эртең менен ачкарын кайнаган сууга азыраак туз салып эритип анан тундурмасын ичсе, ал ашказанга пайдалуу.

—Белгилүү өлчөмдө туз салынган сууга башты жууп жүрсө чач түшпөйт.

—Өңү өнүп кете турган материалдарды жууганда азыраак туз аралаштырып жууса өңүнөн бузулбайт.

—Жаңы алынган идиш-аяктады алды менен туздуу сууга кайна-тып алса ал чыдамкай болот да, оңой менен сынбайт.

—Баклажандын тамырын туздуу сууга кайнатып бутту жууса буттун кычышканын токтотот.

—Сабизди майда туурап, туз аралаштырып кандын тагы бар кийимдерди же төшөндүлөрдү сүртсө, ал так жок болот.

—Адамдын денеси сууга күйүп калса, азыраак салынган туздуу суу менен жууса, анда ал жарат айыгат.

—Май эритүүдө казанга бир аз туз салып кайнатса, май ташып кетпейт.

—Балык балыр жыттанса, туздуу суу менен жууганда жыты жоголот.

—Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп анан курчутса жакшы курчуйт.

—Үшүк алган денени, өзгөчө буту-колду жылуу сууга бир аз туз салып жууса ачышканын токтотот.

-Тамак шишип ооруса тузду майдалап андан кийин кууруп алкымга басса же тузду суу менен тамакты чайкаса ооруганы басылат.

—Жаңы сатып алган тиш щетканы ысытылган туздуу сууга салып алса щетка көпкө чыдайт.

—Шамдын айланасына туздан сээп койсо, шамдын эрип кетүүсүн токтотуп аны жарык күйгүзөт.

—Кышында кир жууганда бир ууч туз салынган сууга чайкап жайса, кир тоңбойт жана тез кургайт.

—Баш ооруган мезгилде адам тилине туз сүртсө жана азыраак туз аралашкан суу ичсе баш ооруну басат.

—Тиш түшүп кан токтобой калган учурда, туздуу суу менен оозду чайкаса кан токтойт.

—Ар күнү эртең менен туздуу сууга оозду чайкап турса, ар түрдүү оозго пайда боло турган оорулардан сактайт.

—Зарна болгон убакта азыраак туз кошулган суу зарнаны токтотот.

—Көз кычыктары кычышып (трахома) оорусу, күн сайын туздуу суу менен көздү жууса көздүн кычышканы токтолот.

—Курт-кумурскалар чагып алган жерди туздуу суу менен жууса шишибейт.

—Сынып калган жумуртканы тузду сууга бир малып бышырса агы сыртына чыкпайт.

—Жашылча жемиштерди туздуу сууга чылап, анан таза суу менен жууса ар кандай пайда болуучу микробдор жоголот.

—Сүткө бир аз туз салып койсо көпкө бузулбай сакталып турат.

-Тузду суу менен гүлдү сугарса, ал көпкө чыдап тез соолубайт жана чачыранды өспөйт.

Сода

—Буурчак жана капуста тез бышыш үчүн кайнап жаткан сууга бир чай кашык сода кошуп койсо болот.

—Муздаткычтын жагымсыз жытынан арылуу үчүн оозу ачык идишке сода салып, бир нече күнгө ичине салып коюу кажет.

—Ашкөктү таза жууш жана өңүн сакташ үчүн 1 литр сууга 2 чай кашык сода кошулган сууну колдонсоңуз болот.

—Мөмө-жемиш кошуп пирог жасоодо анын кычкыл даамын азайтыш үчүн алгач мөмө-жемишке бир чым-чым сода себелеп коюу оң.

—Бут кийимге сода салып кийүү буттун тердөөсүнүн алдын алат. Чечкенден кийин эски соданы төгүп, жаңысын себелеп коюу кажет.

—Бир литр жылуу сууга бир чай кашык сода салып бетти жууп, терини кургап кетүүдөн сактоого болот.

—Чиркей чаккан жерге бир аз нымдалган сода сүртүп койсоңуз, кычышканы басаңдай түшөт.

—Конъюнктивитте (көз оорусу) кебез тампонду сода чыланган сууга малып, көздү сүртүп туруу керек. Бир тампонду бир гана жолу колдонууга болорун унутпаңыз.

—200 грамм кайнак сүткө бир чай кашык сода кошуп ичүү жөтөлгө даба болот. Какырыкты жумшартат жана өпкөнү тез тазалайт.

—Жерге төшөлгөн килемдин жагымсыз жытынан арылуу үчүн үстүнө сода сээп, бир сааттан кийин чаң соргуч менен тазалоо абзел.

—Кир жууган сууга бир аш кашык сода кошуп алсаңыз, кийимдер таза жуулат жана жагымсыз жыттардан арылат.

—Бөлмө гүлдөрүн зыянкечтерден сактоо үчүн 200 грамм сууга 1 чай кашык сода аралаштырып, жалбырактарына сээп туруу керек.

—Үй тазалоодо ным чүпүрөккө  содадан сээп, эмеректердин булганыч жерлерин жана тактарды сүртсөңүз, алардан оңой арыласыз.

— Ракты айыктыруу үчүн сода кошулган аралашма ичилет. Көкүрөк, тери, ашказан рагы жана башка аялдарга тиешелүү рактын түрлөрүн айыктырышат. Ракты айыктырууда адамдын организминдеги көрсөткүч 7.4 болушу шарт. Бирок рак менен ооруганда кычкыл көбөйүп, бул көрсөткүч түшүп кетет. Мындай учурда рактын клеткалары пайда болот. Ал көбүнчө газдалган суусундуктарды көп ичүүдөн келип чыгат. Бул көрсөткүчтү калыбына келтирүүдө сода жардамга келет.

Кумшекер

—Кумшекер жаңы узүлгөн гүлдөрдү узакка чейин соолутпайт. Ал үчүн, жарым стакан жылуу сууга 3 чай кашык шекер, бир чай кашык уксус кошуп, гүл салынган карападагы сууга куюп коёсуз. Шекер гүлдү азыктандырат, ал эми уксус бактерияларды жок кылат.

—Чөптөн калган тактарды кетирет. Жылуу сууга ботко абалына келгидей кылып шекер кошуңуз, аны так калган кийимге куюп, эки саатка коюп коюңуз. Андан кийин кадимкидей эле айна менен жууп саласыз.

—Ысык чайга тилиңиз күйүп калса ооруну басаңдатат. Байкабай ысык чай ичип алдыңызбы? Анда, тилиңизге бир даана кантты бир нече мүнөткө кармап туруңуз.

—Балакайга ийне сайганда ыйлаганын басат. Ийне саярдан мурун шекер кошулган чай берсеңиз, балакай ийненин ачуусун сезбейт.

—Кофе кайнаткан идишти тазалайт. Ал үчүн идишке жарым стакан шекер салып чүпүрөк менен аарчып, жылуу сууга чайкап коёсуз.

—Нан азыктары көпкө сакталат. Нан салынган идишке бир нече кантты кагазга ороп коюп коюңуз. Жыйынтыгы сизди таң калтыроай койбойт.

—Май жана нефт азыктарынан колду тазалайт. Бир аз шекерге бир нече тамчы зайтун майын аралаштырып кирдеген колуңузду сүртүңүз. Андан кийин кадимкидей эле сууга самындап жууп салыңыз.

—Таракандарды кубалайт. Курт-кумурскалар таттууга көп тартылышканы менен, эгерде шекерге ашкана содасын кошуп аралаштырып курт-кумурса көп пайда болгон жерлерге коюп койсоңуз, жакын жолошпойт.

—Жарааттарды дарылайт. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таяна турган болсок, жаракат алган жерлерге шекер сээп марли менен байлап койсо, аны дарылап, бактериялар менен күрөшөт.

—Ачуу калемпир жеп алып оозуңуз ачышып жатса, бир чай кашык кумшекерди тилиңиздин үстүнө кармай туруңуз.

—Кумшекер менен зайтун майын аралаштырып дене үчүн скраб даярдап алыңыз. Мындай скраб денеңизди жумшартып, назик кылат.

—Денеңиздеги жарадан суу чыгып жатса, бинтке кумшекер сээп туруп ороп коюңуз. Кумшекер нымды сиңирип алуучу касиетке ээ жана бактериялардын көбөйүшүнө жол бербейт.

Булак: “Dе-факто”

Последние новости