www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнүн ачык-айрым, жайдары мүнөзү жана тынымсыз эмгеги менен эл оозуна алынган Гүлназ Чыныбек кызын тааныбагандар аз чыгар. «Кайда» деген дебюттук чыгармасы ак жолтой болгон Гүлназ бүгүн кыргыз шоу-бизнесинде акырындык менен өз ордун бекемдөөдө. Ырчы айым менен болгон маек назарыңыздарда.

—Гүлназ, чыгармачылыгыңда эмне жаңылыктар болуп жатат?

—Буюрса чыгармачылыкта идея оргуп, ашып-ташып, кайсы бирин качан ишке ашырсам деп бир нече иштерди пландап жаткан учурум. Буюрса, жакшы чыгармалар даяр болуп жатат… Азырынча айтпай эле турайын, айтып койсом созулуп кетет экен. Даяр болору менен бөлүшүп турам деп ойлойм. Ар кандай тематикада ырлар иштелип жатат.

—Бир топ күйөрман чогултканга жетиштиң, жашоодогу күйөрмандарың менен соцтармактагы күйөрмандарыңдын айырмасы барбы?

—Интернет жашообуздун бир бөлүгү болуп калбадыбы. Жашоодо таанып калып, келип жакшы сөздөрдү айтып, сүрөткө түшүп кеткен инсандар, кайра эле интернеттен тапкан күйөрмандарым болуп чыгат. Анткени «сенин жазган посттордуңду окуп турабыз, видеолоруңду көрүп турабыз» -деп калышат, ошондон улам интернет аркылуу баарлашып жүргөн колдоочуларым экенин байкап калам.

—Учурда көп ырчылар той менен чектелип калууда. Той ырчысы бойдон калып кетем деп ойлобойсуңбу?

—Той менен чектелип, той ырчысы болуп калам деп коркпойм. Анткени, бизде же болбосо жеке менде чыгармачылыкка жумшаган каражат тойдон камсыздалып турат. Элден айлансак болот. Жакшылыгына канчалык көп чакырышса, менин чыгармачылыгым ошончолук өнүгө бергенге чоң өбөлгө түзүлөт деп билем. Мисалы азыр той сезондо кызмат кылып жатабыз. Кышта той токтогондо тапканымды кайра чыгармачылыкка жумшап, чыгарма жаздырып, клип тарттырып иштейм деп пландап жатам.

—Өзүңдүн командаң тууралуу айта кетсең?

—Командам тууралуу айтсам, менин командам өтө ишенимдүү жана мыкты деп айтат элем. Биринчи эле Азамат Бердибеков өзүнүн уюштуруу жөндөмдүүлүгүнун мыктылыгы жана жогорку аракети менен команданын башында турат. Андан сырткары мен иштешкен стилист, дизайнер, визажист, чач стилисти баары мен үчүн өз жумуштарынын мыктылары.

—Чыгармачылыкка аралашкандан бери эмгегиңдин үзүрүн көрө баштадыңбы?

—Ооба, кудайга шүгүр. Чыгармачылыкка аралашкандан бери өзумдү-өзүм камсыздоодо, баскан-турган, жашаган чыгымдарым баары чыгармачылык аркылуу камсыздалып жатат. Жараткан берээрин унутпасын деп шүгүр келтирип эле жүрөм. Демек мээнет акталып келатат деп ойлойм.

—Шоу-бизнестеги атаандаштыкка кандай көз караштасың?

—Мага атаандашкандар барбы же жокпу так билбейм. Бирок ар кимибиз өз стилибиз, аракетибиз, мээнетибиз, мүнөзүбүз менен эл көзүндө айырмаланып турсак керек. Өз жолубузда талыкпай эмгектене берсек, атаандашканга деле кажет жок го дейм. Эл өзү
эле таразалап алат деп оилоим.

—Жеке фронтто эмне жаңылыктар?

—Жеке фронтто тынчтык өкүм сүрүүдө. Өзүм менен өзүм эле… Эгер Кудай насип кылып калса, турмуш жолуна да аттанып каларбыз. Бирок, азыр эмес экенин так билем.

—Сенде да маанай түшкөн учурлар болобу, кантип бул кырдаалдан чыгасың?

—Негизи көбүнчө жакшы маанайда жүргөнгө, маанайды буза турган учурларга маани бербей өзүмдү алаксытканга аракет кылам. Бирок ошентсе дажашоо экен да, кээде болуп турат. Өтө маанай чөгүп, бир нерсе түйшөлтүп жатса уктап алам. Ойгонгондо сонун болуп унутуп калам. Эгер уйкуга убакыт жок болсо, унчукпай ичимден ойлор менен өзүмө мотивация берем. Үйдө жалгыз болсом ырдап, секирип-секирип бийлеп маанайымды көтөрүп алам.

—Алдыда кандай ой-максаттар бар?

—Алдыдагы максаттарды алдын ала айткандан коркуп калдым. Ошондуктан ишке ашып баратканда анан бөлүшүү керек экен. Айтып алып, айткан иштер кечигип кеткени жаман экен. Өзүм кошо кыжаалат болуп, күтө берет экенмин. Бирок 2020-жылы жеке тушоо кесүү концертимди берип алсак сонун болмок деп ниеттенип жатам.

—Ниеттериң кабыл болсун, чыгармачылык ийгилик каалайм!

Булак: “Dе-факто”

Последние новости